Президент Атамбаевдин дагы бир ыры жарык көрдү

22 май 2017 09:46 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

20-май күнү интернеттеги YouTube сайтына президент Алмазбек Атамбаевдин "Энекем" атуу ыры жарыяланды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Мамлекет башчынын өзүнүн аткаруусундагы кыргыз тилиндеги ырды бир суткага жетпеген убакта миңдеген көрүүчүлөр көрдү.

 

Кыргызстанда 2012-жылдан бери майдын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.

 

Президент Алмазбек Атамбаев буга чейин өзүнүн аткаруусундагы бир нече ырын жарыялаган. Мурдараак мамлекет башчы жалпысынан он: беш орус тилиндеги, беш кыргыз тилиндеги ырын жаздырары кабарланган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1699



Добавить комментарий