Россия америкалык баалуу кагаздарды сатып алууну көбөйттү
Россия мартта АКШнын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алууга 13 500 миллиард доллар жумшады. Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги кабарлагандай, бул позицияда Россиянын камдыгы 100 миллиард долларга көбөйдү.
Мекеме эгер Россиянын Швейцария, Люксембруг жана Кайман аралдарындагы офшордук эсептериндеги америкалык баалуу кагаздары эсепке алынса, бул сумма мындан дагы жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Россия баалуу кагаздарды сатып алууну үч айдан бери улантууда. Бул мунай баасы көтөрүлүп, рубль кунун бекемдеп жаткан маалда Россиянын чет өлкөлүк резервдерин көбөйтүү дараметин чагылдырат. Орус валютасынын наркы былтыр 14 пайызга жогорулган.
2015-2016-жылдары рублдин куну өтө төмөндөп кеткен. Талдоочулар Москва чет өлкөлүк баалуу кагаздарын сатуу менен абалды жөнгө салганын билдиришүүдө. Мунайдын наркы төмөндөгөнгө чейин орусиялык активдер 150 миллиард долларды түзгөн. 2015-жылы ал 66 миллиард долларга чейин төмөндөгөн. Көп өлкөлөр валюталык резервин америкалык баалуу кагаздар менен сакташат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1676
Добавить комментарий ×