Казакстанда «бир уйга үч гектар» нормасын жоюу маселеси каралууда

19 май 2017 16:26 439 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда ар бир баш уй үчүн үч гектардан кем эмес жер болушу керек деген норманы жоюу боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигинен билдиришкенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Расмий билдирүүдө ченемдин качан жоюла тургандыгы айылган эмес.

 

Норманы жоюу демилгеси фермерлерге таандык. Алар кооперативдер үчүн ар бир уйга үч гектардан жер болушу керек деген талапты аткаруу кыйын болуп жатканын билдиришкен. Айтымдарында, өкмөттүн токтомундагы мындай талап кооперативдердин түзүлүшүнө тоскоолдуктарды жаратууда.

 

«Анча жерди биз кайдан алабыз? Коорпоративдерге негизинен кичи чарбалар бириккен. Анан да ар бир фермердин жер боюнча өзүнчө документтери бар», - деди жергиликтүү фермерлердин бири Акынбай Сариев.

 

Кызылордо облустук айыл чарба башкармалыгынын кызматкери Медет Заненов фермерлердин даттануусунан кийин өкмөткө норманы жоюу тууралуу сунуш берилгенин билдирди.

 

Казакстанда «Айыл чарба кооперациялар жөнүндөгү» мыйзам 2015-жылы күзүндө күчүнө кирген. Анда президент Нурсултан Назарбаев өлкөнүн айыл чарба түзүмүн өзгөртүп, анын өзөгүн күчтүү кооперативдер ээлеши керектигин айткан. Мамлекет башчынын бул билдирүүсүнөн кийин республика боюнча айыл чарба кооперативдерин түзүү боюнча түшүндүрүү иштери башталып, субсидия алуу чакырыктары айтылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1675



Добавить комментарий