Бишкекте үч айлык наристени 10 миң сомго саткан үч аял кармалды

19 май 2017 16:12 542 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкекте үч айлык наристени сатууга шектелип аялдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен кабарлашты.   

Свердлов районук ички иштер башкармалыгына 1995-жылы Ысык-Көл областында туулган  аял арыз менен кайрылган. 

Ал арызында 12-май күнү Гоголь жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилишинде чала таанышы Назира жана белгисиз эки аял 3 айлык ымыркайды 10 миң сомго сатып жиберишкенин айтып даттанган.

Бул факты боюнча Бишкек ШИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 40 жаштагы жана 35 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургундарын кармады.

 Ошодой эле баланы сатып алмакчы болгон жана 26 жаштагы Чүй облусунун   тургуну кармалган.

Аялдар Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Ал эми 3 айлык ымыркай соттун чечимине чейин Бишкек шаарындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/content1673



Добавить комментарий