Катуу шамалдан улам Ысык-Көл областы электр жарыгысыз калды
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областында болгон катуу шамалдан улам бүтүндөй дубан боюнча электр энергиясы авариялык өчүрүлдү. Көп дарактар жана бутактар электр берүү линияларына кулап, чубалгылар үзүлдү. Бул тууралуу областтагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
““Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун кызматкерлери бир катар аймактарда жарыкты кайра кошту. Азыркы тапта Ак-Суу районунун Чолпон жана Жылдыз айылдарында, Жети-Өгүздүн, Түптүн бир катар айылдарында жарык жок. Караколдо бүгүн жарыкты калыбына келтиришет”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content1672
Добавить комментарий ×