Россиянын ФМКсынан Кыргызстандын 43 миң жаранын чыгарууга убада беришүүдө
2017-жылдын соңуна чейин Россиянын Федералдык миграция кызматынын (ФМК) 43 миң Кыргызстандын жаранын чыгаруу зарыл. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев КСДП парламенттик фракциясында миграциялык кырдаал тууралуу маалыматы угулуп жатканда билдирди.
«Жыл башында 106 миӊден ашык адам «кара тизмеде» бар бочу. Мындай адамдардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 4195 кишиге кыскарган. Анын ичинде 51 миӊ жаранга сот аркылуу тыюу салынган. Эми жыл аягына чейин дагы 43 миӊ жарандын «кара тизмедеги» 3 жылдык депортациялоо мөөнөтү аяктоого тийиш», - дейт ал.
Андан тышкары, эмгек мигранттарын иш жүзүндө жашаган жеринде каттоого алуу, эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо, мигранттардын жеке ишкер катары иштөөсүндө ошол өлкөдө болуу мөөнөтүн так аныктоо, ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдө жарандарды мигранттык карточкаларды толтуруудан бошотуу жаатында бир катар тезинен чече турган маселелер бар экени белгилүү болду.
Ал эми Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү депутат Данияр Аттокуровдун акыркы 3 жыл аралыганда канча адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартканы тууралуу суроосуна так жооп бере албай, тактагандан кийин жазуу жүзүндө жооп берүүгө убада кылды.
Фракция мүчөлөрү өкмөт өкүлдөрүнүн миграция маселеси жаатындагы жыйынга даярдыксыз келгенине нааразычылыктарын билдирип, аларды мындан ары так маалыматтарды алып келүүгө чакырды.
Эске салсак, апта башында Президент Алмазбек Атамбаев 175 адамга Кыргызстандын жарандыгы берилгени, 125 адам жарандыктан чыгарылганы жөнүндө жарлык чыгарган.
КСДП фракциясында Өкмөттүн миграциялык кырдаал тууралуу маалыматын талкуулоо жол-жоболору улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content1667
Добавить комментарий ×