"45 жыл сценада". Бишкекте Валерий Леонтьев концерт берет
Бөлүшүү:
21-майда саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында россиялык ырчы Валерий Леонтьевдин "45 жыл сценада" деп аталган концерти болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туримз министрлигинен кабарлашты.
Россиялык артисттин концерти мааракелик турдун алкагында өтмөкчү.
Иш-чараны уюштуруп жаткан Art Face борборунун өкүлдөрүнүн айтымында, концертте мыкты шоу жана керемет кече тартууланат.
Билеттерди Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик орус дарама театрынан сатып алууга болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content1653
Добавить комментарий ×