Жээнбеков: Ирригация жана суу пайдалануу системасын өнүктүрүшүбүз керек
«2013-2017-жылдары Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ирригация системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат », – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-майда, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Беш-Кууганды айылдык аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейндин абалы жана Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бассейндин курулушу менен таанышуу учурунда.
Сооронбай Жээнбеков эскерткендей, учурда Өкмөт тарабынан 2017-2026-жылдарга карата Кыргызстандын ирригация тутумун өнүктүрүү мамлекеттик программасы иштелип чыккан. Аталган программанын алкагында ирригацияны өнүктүрүү жана суу пайдалануу системасын жакшыртуу боюнча иштер улантылат. Ирригация тутумун өнүктүрүү жаңы программасы өлкө боюнча 50миң гектарга жакын жерди суугаруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине караштуу суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, Баш-Кууганды айыл аймагындагы суткалык жөнгө салуу бесейнинин курулушу 1990-жылы башталып, 1993-жылы токтоп калган. Бүгүнкү күндө объектинин курулушун аяктоо үчүн 60 млн сомго жакын каражат керек.
«Жаңы айдоо жерлерин өздөштүрүү менен 90го жакын адам жер үлүшү менен камсыз болот жана мал чарбасы үчүн тоют базасы түзүлөт. Суткалык жөнгө салуу бассейни объектисинин ишке киргизилиши менен кошумча 200гектар жерди суугаруу мүмкүнчүлүгү жаралат», – деп маалымдады Көкүмбек Таштаналиев. Ал белгилегендей, аталган объектинин курулушу 2017-жылдын аягына чейин аяктайт, Премьер-министрдин мурда берилген тапшырмасына ылайык, кийинки жылдын сугат иштерине чейин суткалык жөнгө салуу бассейни пайдаланууга даяр болот.
Жергиликтүү тургундар Өкмөт башчысына көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан аталган объектинин курулушу маселесин чечип бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.
Ал эми Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы экинчи суткалык жөнгө салуу бассейнин курулушунун долбоорунун баасы 60 млн сомго жакын. Жаңы айдоо жерлеринин ишке киргизүү менен 300гө жакын адам жер үлүшү менен камсыз болот жана мал чарбасы үчүн тоют базасы түзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content1652
Добавить комментарий ×