Үч жүз жыл бою сакталган Куран китепти алып бара жаткан кыргызстандык кармалды
Бөлүшүү:
Тажикстандын Бажы кызматынын Согди областынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери аталган өлкөдөн ыйык Куран китепти аткезчилик жол менен алып бара жаткан кишини кармады. Бул тууралуу тажик ЖМКлары кабарлады.
Бажычылар кыргыз номери тагылган «Тойота – Эстима» унаасын токтотушкан. Аны Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан.
Унаадан желим баштыкка оролгон ыйык Курандын байыркы нускасы табылган.
Экпертизанын жыйынтыгы менен Курандын нускасына 300 жыл болгону аныкталды.
Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши козголуп, Согди областынын прокуратурасына өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content1651
Добавить комментарий ×