Ооганстан: Жалалабад шаарында атышуу уланууда

18 май 2017 11:33 578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында куралчан адамдар мамлекеттик телеканалдын имаратына кирип барышкан соң атышуулар уланып жатат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

17-майда Ооганстандын РТА каналынын имаратына бир нече адам чабуул койгон.

 

Жабырлануучулар жок. Нангархан провинциясынын борборундагы кол салуунун артында кайсы уюм турары белгисиз.

 

Жалалабад шаарына кол салуу - талиптер бүтүндөй Ооганстан боюнча жазгы чабуулдарын жандандырган маалга туш келди.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1621



Добавить комментарий