Москва шаарында ЕЭК кезектеги жыйыны өткөрүлдү
Кечээ, 17-майда Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясын Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетектеди.
Кыргыз Республикасынын делегация курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алтынбек Торутаев кирди.
Евразиялык экономикалык комиссиясы Кеңешинин жыйынынын күн тартибине жалпысынан экономика, соода, бажылык декларациялоо, тарнспорт, дары каражаттары рыногун жөнгө салууга байланышкан 15маселе киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content1615
Добавить комментарий ×