Анжиянда балмуздакка уулангандардын саны 1500гө жетти

18 май 2017 10:31 502 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Анжияндын Шахрихан районунда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишиге жетти. Жүздөгөн жашоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Шахрихандагы ооруканада 200дөй киши дарыланууда, бешөөнү жандандыруу бөлүмүнө которушту.

 

Анжиян облусундагы укук коргоо органдары уулангандар Шахрихандын борборундагы кафелердин биринен балмуздак жешкенин маалымдашты.

 

Шаарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери баш болгон ак халатчандар келишти.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1610



Добавить комментарий