КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөттү
Кечээ, 17-майда Кыргызстан Социал демократтар партиясы (КСДП) өкмөт башчы Сооронбай Жээнковду президенттикке талапкерликке сунуштады.
Чечим аталган партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Эми партия курултайда Жээнбековдун талапкерлигин бекитет.
Сооронбай Жээнбеков премьер-министрликке чейинки жакынкы жылдарда Ош облусунун губернатору, кадр кызматынын жетекчиси болуп иштеген.
Алгачкы эмгек жолун 1976-жылы Өзгөн районунда орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин кичи мекени Кара-Кулжа районунда зоотехник, коммунисттик партиянын райондук комитетинде нускоочу, катчы, совхоз-колхоздордун башкармасы болуп иштеген. 1994-жылдан 2005-жылга чейин үч ирет Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Күзүндө өтүүчү президенттик жарышка буга чейин Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов, камактагы депутат Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content1607
Добавить комментарий ×