АКШга асыралып кеткен кыргызстандык балдар өз ата-энелерин тапкылары келет
АКШнын жарандары тарабынан багууга алынган жигит 18 жашка толуп өзүнүн биологиялык ата-энесин издеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда болгон басма сөз жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыгынын башчысы Жаныл Джумабаева билдирди.
“Биз АКШда 20 күнгө командировкада болуп келдик. Бул үй-бүлөлөр менен жолугуштук, анын ичинде Даун синдрому менен ооруган эки баланы багып алган үй-бүлөгө да жолуктук. Штаттарда инклюзивдик билим берүү абдан өнүккөн, балдар аларды багып алышкан билишет жана өздөрүнүн биологиялык ата-энелери тууралуу көп суроолорду беришет. Аларга атасы менен апасы аларды жакшы көрүшөрүн бирок шарттан улам ала албай жатышканын айтышат”,-дейт Джумабаева.
Джумабаева АКШда кыргызстандык балдарды асырап алган үй-бүлөлөрдүн ассоциациясы түзүлгөнүн белгилеп өттү.
“Кичинекей кыз бизге скрипка менен Кыргызстандын гимнин ойноп берди, алардын үйүндө кыргыз желеги бар бурч уюштурулган. Америкалык ата-энелер балдарды кыргыз маданиятына тарбиялашат. Алар Ноорузду жана 31-августту белгилешет. Балдар дискриминацияга кабылбайт”,-деп айтты адис.
Ссылка: https://barometr.kg/content1604
Добавить комментарий ×