Үч жылда чет өлкөлүктөр Кыргызстандан 66 бала асырап алышкан
2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандан 66 баланы чет өлкөлүктөр асырап кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Жаныл Джумабаева басма сөз жыйынында билдирди.
“Биз балдарды биологиялык үй-бүлөсү менен бириктирүүгө колубуздан келген аракетти жасап жатабыз, бирок бул мүмкүн эмес болгон учурда аларды интернатка жиберебиз. Эң эле мажбур болуп калгандар эл аралык асыроого берилет. Баардыгы болуп интернаттарда 1 200 бала бар, алардын 6-7 пайызы жетимдер”,-деп маалымдады ал.
Джумабаева өлкөдө биологиялык ата-энеси баш тарткан балдардын саны кыскарганын кошумчалады.
“Азыр эл аралык бала асырап алуу менен аракеттенген 12 уюм бар, алар аккердитациядан өткөн”,-деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content1588
Добавить комментарий ×