Өзбекстандын жараны Бишкекке мыйзамсыз келе жатканда кармалды

17 май 2017 13:17 450 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик чек арадан өтүү режимин бузган Өзбекстандын жараны кармалды, ал Бишкекке иш издеп келе жаткан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

16-майда Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын чек арачылары Ноокен районунун  Таш-Коргон айылынын чегинен 1964-жылы туулган Өзбекстандын жаранын кармашкан.   

Ал кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз жерден кесип өтүүгө аракет кылган. Ошондой эле кармалган жарандын өздүгүн тактоочу документтери болгон эмес.     

Тиешелүү иш-кагаздар толтурулгандан кийин чек араны бузуучу ИИМдин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлдү.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1584



Добавить комментарий