«Субару Форестер» унаасынын айдоочусу аялды сүзүп өлтүрүп, өзү качып кетти
Сокулук районунда «Субару Форестер» (мамлекеттик номери E05 23 D) унаасынын айдоочусу аялды сүзүп өлтүрүп качып кеткен. Бул тууралуу Чүй областынын ШИИБинин Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 17-майга караган түнү Бишкек-Күнтуу жолунда болгон. Кырсыкка кабылган “Субару Форестер” (мамномур Е 0523 D) автоунаасынын айдоочусу жабырлануучуга биринчи медициналык жардамды көрсөтпөй, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон
“Авто кырсык болжол менен саат 01:30 чамасында болгондугун жана «Субару Форестердин» айдоочусу Күнтуу айылынын 24 жаштагы И.И. экендигин аныкташты. Анын атасы милиция кызматкерлерине аталган автоунааны берди. Азыркы тапта унаа Шопоков шаарындагы айып пул төлөөчү жайга токтотулду. Ал эми кылмышка шектүүнүн кайда жүргөндүгү азырынча тактала элек”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content1581
Добавить комментарий ×