Кыргыз-катар кызматташтыгы бекемделет

17 май 2017 11:25 536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова кыргыз делегациясынын курамында 2017-жылдын 15-майында Катар Республикасынын Доха шаарында премьер-министрдин Катар мамлекетинин министрлер кабинети иши боюнча орун басары Ахмад бин Абдулло Аль-Махмуд менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

 

Вице-премьер Чолпон Султанбекова эки өлкө ортосундагы өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын Доха шаарындагы элчилигинин ачылуусунан кийин жанданганын баса белгиледи.

 

Ал социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ащырууда кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыктар экендигин билдирди. Жолугушуу жүрүшүндө ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча келечекте кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча маселелер талкууланды.

 

Катар мамлекетиинн Премьер-министринин орун басары Ахмад бин Абдулла Аль-Махмуд катар-кыргыз мамилелеринин активдүү мүнөзүнө канаатангандыгын жана келечекте эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыктар экендигин билдирди.

 

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамимом бин Хамад Аль-Тан ортосунда жакын жана өз ара ишенимдүү мамиле орногонун, бул эки тараптуу кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн мыкты негиз болууга кызмат кыларын белгиледи.

 

Аны менен бирге Ахмад бин Абдулла Аль-Махмуд Кыргыз Республикасындагы демократиялык кайра курумдарга, саясий жетишкендиктерге жана экономикалык туруктуулукту жогору баалады.

 

Ал 2017-жылдын мартында Доха шаарында өткөн кыргыз-катар өкмөттөр аралык экономика, соода жана техникалык кызматташтык боюнча комиссиясынын биринчи жыйынында жетишилген макулдашууларды толук кандуу ишке ашыруунун манилүүлүгүн баса белгиледи.

 

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content1580



Добавить комментарий