Кыргызстандын “Апамды издеп” тасмасы Германияда жана Парижде көрсөтүлөт
3-июндан 11-июнга чейин Германияда жана Парижде “Апамды издеп” тасмасы кайрымдуулуктун алкагында көрсөтүлөт. Картинанын автору аны мекендештери үчүн уюштуруп жатат.
"Биздин бирикме Руслан Акундун жаңы тасмасын "Умут — Надежда” реаблитациялык балдар борборун колдоп уюштурууда. Тасманы Франкфурт, Штутгарт, Цвиккау жана Дюссельдорфе, ошондой эле Парижде көрсөтөбүз",-деп билдирди ФРГдагы Kyrgyz Club коомдук бирикмесинин президенти Бакыт Кобегенов.
Тасманын режиссёру Руслан Акундун айтымында, тасмада жаш бала менен чоң адамдын ортосундагы достук мамиле баяндалган.
“Балалуу болгондон кийин жаш балдарга болгон көз карашым өзгөрдү. Чоң адам менен жаш баланын ортосунда достук болушу мүмкүнбү деп ойлодум. Мындан улам Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулуна сценарий жазып берүү сунушу менен кайрылдым. Аларга багыт бердим. Сценарий жалпы 6 айда, тасма 2 жылда толук тартылып бүттү. Тасманын кандай тартылышын көрүүчүлөрдүн сынына койдум”,-деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content1578
Добавить комментарий ×