Коргоо кеӊешинин аталышы Коопсуздук кеӊеши болуп өзгөртүлүшү ыктымал
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Коргоо кеӊешинин аталышын кайрадан тактоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
Демилгечи – депутаттар И.Өмүркулов, Т.Зулпукаров, Ө.Бабанов, М.Жеенчороев, Б.Ибраимжанов, Б.Сыдыков, А.Баатырбеков, Т.Конушбаев, А.Токторов, А.Турсунбаев.
Жакында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр, анын ичинде Коргоо кеӊешине байланыштуу өзгөртүү да киргизилди. Ошондон улам, бир катар мыйзамдар Башмыйзамга ылайык келтирилүүдө.
Андан тышкары, демилгечилер эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, Коргоо кеӊешинин аталышын кайра тактап, аны мурдагыдай эле Коопсуздук кеӊешине алмаштыруу зарылдыгы келип чыкканын, ал үчүн коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилейт.
Ссылка: https://barometr.kg/content1571
Добавить комментарий ×