Чоң-Алайда дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп жатат
Чоң-Алайда дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп үйлөрду каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында кечээ, 15-майда аба-ырайынын температурасы жогорулашына байланыштуу Дароот-Коргон айылына жакын жерден агып өткөн Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли кескин жогорулап, Кызыл-Туу, Кошулуш жана Кара-Кыя участкаларында аталган суу жээкти жеп, 50дөн ашык турак жайды, 3 га жер аянттарды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Турак-жайларга 20-30 метр аралыкка чейин жакындап калган.
Андан сырткары Дароот-Коргон айылын аралап аккан Дара суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада, бир нече турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган.
Райондук Жарандык коргоо комиссиясы жеринде изилдөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Кызыл-Суу дарыясынын нугун буруп, таш таштап тосмо куруу үчүн, жергиликтүү бийлик тарабынан техникалар даярдалып, күйүүчү майды ӨКМнен суралуу жагы каралып, керектүү иш кагаздар даярдалууда. Ошондой эле Дара суусунун жээктерин бекемдөө максатында айыл аймак тарабынан кум салып тосмо куруу үчүн, 250-300 даана кап даярдалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content1555
Добавить комментарий ×