Украинада Яндекс, Вконтакте, Одноклассники жабылат

16 май 2017 12:00 509 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ири орусиялык интернет-ресурстар, анын ичинде – Яндекс, Вконтакте жана Одноклассники президент Петр Порошенконун жарлыгы менен жабылат. Ресурстарга ээлик кылган компаниялар санкциялык тизмеге киргизилди.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Жарлыкка ылайык, провайдерлер үчүн үч жылга Mail.ru, Вконтакте (vk.com) жана Одноклассники (ok.ru) сервистерине кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Яндекс сайтынын бардык ресурстарына (yandex.ua, yandex.ru), Касперский Лабораториясы жана Доктор Веб антивирус компанияларына дагы бөгөт коюлат.

 

Өлкөнүн маалымат саясаты боюнча министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

 

Бул ресурстар Украинада азырынча иштеп жатат.

 

Жарлык Украина президентинин сайтында 15-майда жарыяланган. Бул Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин 28-апрелдеги санкциялык тизмелерди кеңейтүү боюнча чечиминин аткарылышын шарттайт. Жарлык жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1549



Добавить комментарий