Төрт айда 22 млрд сомдон ашык салык чогултулган
Бөлүшүү:
2017-жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы 22 млрд 339,3 млн сомдук салык жана төлөмдөрдү чогулткан. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Алдыга коюлган план 100,1 пайызга аткарылган же ашыкча план аткаруу 19,9 млн сомду түзгөн.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык чогултуу 2 млрд 227,9 млн сомго же болбосо 11,1 пайызга көбөйгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content1542
Добавить комментарий ×