Мэрия таштандыларды чар жайыт таштабоону өтүнөт

16 май 2017 14:18 555 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясы шаар тургундарынан жана конокторунан таштандыларды чар-чар жайыт таштабоону жана аны өрттөбөөнү өтүнөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
 
Маалыматка ылайык, таштандыларды өрттөө фактылары жер үйлөрдө, өндүрүш мекемелерде көп болууда.
 
«Чар-жайыт ташталган таштандыларды жыйноодо учурда бул боюнча 16 инспектор күнү-түнү дем алышсыз иштеп жатат. Таштанды өрттөө фактылары көбүнчө жер үйлөрдө жана өндүрүштүк мекемелерде кездешет. Өткөн жылы ушул багытта 50 мыйзам бузуу катталган. Таштанды калдыктарын өрттөөдө ис эле эмес, уулуу заттар да чыгып, андагы химиялык заттар адам саламаттыгына залал келтирет. Эгерде таштандыны чар-жайыт ыргытып, өрттөгөндөр административдик жоопко тартылат",-деп айтылат маалыматта.
 
Атайын бөлүнбөгөн жайларга таштанды таштагандар административдик жоопко тартылып 2000 сом өлчөмүндө айып пул же сегиз сааттык коомдук жумушка кесилет. Ал эми өндүрүштөн чыккан таштандыларды өрттөп же туура эмес жерлерге ыргыткандар 10 миң сом айып төлөп же сегиз саатка коомдук жумушка тартылат.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content1537



Добавить комментарий