Бишкекте 14 жаштагы кыз жоголду

15 май 2017 12:24 519 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкекте  2003-жылы Жалал-Абад областында туулган Айтыкул кызы Токтобүбү жоголду. Бул тууралуу кыздын жакындары маалымдашты.

 Токтобүбү 2017-жылы 10-майда болжол менен саат 12:00лер чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.

 Ал үстүнө  кара скелеттин сүрөтү бар ак футболка, көп джинсы, бутуна кара түстөгү балетка кийип жүргөн. Колдунда кызыл түстөгү саат тагылган.

Бою 162-165 см, дене түзүлүшү орто, көзү күрөң, чачтары ийинине чейин өскөн.

 Бетинин сол тарабында, көзү тушта меңи бар.

 Кыз тууралуу маалымат билгендер болсо 0(556) 07 47 20, 0(551) 102 538, 0770 41 00 43 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1495



Добавить комментарий