70 жаштагы аялдын боюнда бар
Бөлүшүү:
Мексиканын тургуну Мария де ла Луз (Maria de la Luz) боюнда алты айлык баланы көтөрүп жүргөнү белгилүү болду. 70 жаштагы аял журналистерге УЗИ сүрөттөрүн көрсөттү. Бирок рекорд орнотуу үчүн кош бойлулукту мыйзамдуу түрдө документ менен тастыктоо керек. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымат булагы жазып чыкты деп билдирет “lenta.ru”” сайты.
«Мага анын кыз экенин көрсөтүштү. Бул сүрөттө анын кичинекей гана бети көрүнөт», - деп билдирди де ла Луз.
Аял баланы кантип боюна бүтүп калганы тууралуу тиш жарбады. Ал өзү үч ай гана болду деп жүргөн. 6 ай болду дегенде эсинен танган.
«Бутум ооруй, башым айланат жана жүрөгүм айланат. Жеке менчик жана мемлекеттик клиникалардын дарыгерлери 10 УЗИ жасады. Бул нерсеге ишенүү кыйын болду», - дейт аял журналисттерге берген маегинде.
Бала төрөлсө, Марии де ла Луздин сегизинчи баласы болот. Анын улуу балдары жаңылыкка өтө деле кубанышкан эмес. Себеби алар энесин бала төрөш үчүн өтө эле картаң деп эсептешет. Ал эми кош бойлуу аялды карап жүргөн гинекологтар кесарево жасап, баланы дүйнөгө алып келишерин билдиришти.
Эгер аял аман-эсен төрөсө, анда буга чейин рекорд орноткон испаниялык Марии Дель Кармен Боусада де Ларадан ашып түшөт. Ал 66 жашында эгиз балдарды төрөп, азыркы убакта рекордсмен болуп турат.
.jpg)
Ссылка: https://barometr.kg/content14736
Добавить комментарий ×