Уулу катуу сабаган ата ооруканага оор акыбалда жаткырылды
Ысык-Көл областынын Түп районунда ичкиликке берилген атасын уулу аёосуз ур-токмокко алган. Натыйжада сабалган адам оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу областтын Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
2018-жылдын 19-майында Корумду айылында 1994-жылы туулган жигит 1969-жылы туулган өз атасын таш боордук менен сабаган. Алдын ала маалыматтарга караганда чатак ата-баланын ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыккан.
Сабалган адам ичкиликти көп ичип жүргөндүгү, ошол эле учурда эч жерде иштебегендиги жана үйдө дайыма жаңжал чыгаргандыгы аныкталган. Мындан улам уулу уруш чыккан учурда ага мурда дагы колу тийип жүргөн. Буга чейин дагы атасы таяк жеп ооруканага жатып чыккандыгы белгилүү болгон.
Акыркы жолу атасы олуттуу жапа чегип, учурда ооруканага өтө оор акыбалда жаткырылган. Бул факты боюнча Түп районунун ИИБсынын тергөө бөлүмү тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Атасын токмоктоого шектелген адам сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен кое берилген.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча кол салган адамга карата чара көрүлмөкчү.
Ссылка: https://barometr.kg/content14726
Добавить комментарий ×