Кыргызстандыктар чет өлкөдө көз жумгандарды алып келүүгө 50 миң сом ала алышат
Чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын жакындары алардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 50 миң сом ала алышат. Бул тууралуу КР ТИМинин маалымат кызматы кабарлады.
Өкмөт “Кыргызстандын чет өлкөдө көз жумган жарандарынын денелерин жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсация кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтом кабыл алды. Маркумду көз жумгандан кийин алып келүү боюнча чыгымдарга бир жолку төлөмдүн өлчөмү минималдуу 500 эсептик көрсөткүч (50 миң сом) өлчөмүндө белгиленди. Андан тышкары төлөмдү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси кыйла кыскартылды.
Компенсацияны көз жумган адамдын жакындарына же чыгымдарды төлөгөн адамга үч жумушчу күндүн ичинде жана КР жаранынын чет өлкөдө болгон максатына карабастан төлөнүп берилмекчи.
Бир жолку төлөм алууга арыздарды КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кыргызстандык каза болгон күндөн тарта үч айдан кеч эмес убакыттын ичинде берүү зарыл.
Ссылка: https://barometr.kg/content14724
Добавить комментарий ×