Бишкекте ичеги инфекциялары көбөйүп, бейтаптар коридорлорго чейин жетти

22 май 2018 11:41 425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына (РКИО) ичеги инфекциялары менен кайрылгандардын саны өсүп жатат. Бул тууралуу ооруканадан маалымдашты.

«Бир сутканын ичинде 230-250 оорулуу келип түшүүдө. Буга чейин алардын ичинен ичеги инфекциялары менен жабыркагандар 20-30 бейтап болсо, азыр алардын саны 70ке чейин жетип жатат. Оорунун оордугуна жараша жарымына жакыны жаткырылууда. Негизинен балдар ооруп жатышат. Бул албетте ата-энелердин күнөөсү (өзгөчө 5 жашка чейинки балдарда). Балдарга жакшылап көңүл бурушпайт, алардын колун жуушпайт, ага кошумча тамак-ашка жуулбаган жашылча жана жемиштерди колдонушат”, - деп белгилешет дарыгерлер.

Негизинен ооруканага Бишкек шаары жана ага жакын жайгашкан Ысык-Ата, Сокулук жана башка райондордон кайрылып жатышат.

Дарыгерлер оору мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн деп божомолдошууда. “Адаттагыдай эле орундар жетишпейт, бейтаптарды коридорлорго чейин жайгаштырып жатабыз, бирок бир сутканын ичинде аларды палатага которобуз. Башкысы – сапаттуу жана өз учурунда медициналык жардам көрсөтүү”,-дешет РКИОнун дарыгерлери.

 

    

Ссылка: https://barometr.kg/content14721



Добавить комментарий