«Манас» абамайданында система иштебей, жүргүнчүлөр чек арада калышты

22 май 2018 10:16 346 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Манас» көзөмөлдөп-өткөрүү пунктунда саат 4.20да бир эле учурда төрт каттамды тейлөө мезгилинде система иштебей калып каттамдардын кечигүүсүнө алып келди. Бул тууралуу абамайдандын маалымат кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, чек ара көзөмөлдөө системасы иштебей калып, паспортторду эсептебей калгандыгы аныкталган. Ишти саат 5.30да жөнгө салышкан.

“Манас” Эл аралык абамайданы” ААКсы келип чыккан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана Чек ара кызматынын ишине түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

    

Ссылка: https://barometr.kg/content14716



Добавить комментарий