Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү
Бөлүшүү:
21-майдан 22-майга караган түнү жааган жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, анын натыйжасында Кызыл-Кыя шаарындагы “Чыгыш-2” кичи районунда жайгашкан бир турак үйдүн ичине, төрт турак үйдүн короосуна жана Кулатов көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу эки үйдүн жер төлөсүнө, “Достук” көчөсүндөгү эки турак үйдүн короосуна суу кирген.
Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жана селдин кесепетин жоюу жумуштары жүргүзүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14714
Добавить комментарий ×