22-май: түнкүсүн нөшөр болот

22 май 2018 08:19 487 Barometr
Бөлүшүү:
ok

22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, нөшөр болот, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн абанын температурасы 10…12, күндүз 24…26 градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content14710



Добавить комментарий