Окумуштуулар: Уйкусу ар дайым канбай жүргөн адам өлүп калуусу мүмкүн
Бөлүшүү:
Окумуштуулар уйкунун мээнин жумушуна таасир берерин айтып, жетиштүү турдө уктоого кеңеш беришет.
Рэнди Гарднер атуу рекорд орноткон адам 17 жашында 264 саат уктаган эмес. Азыр 68 жашта дени сак, өзүн жакшы сезет. Бирок окумуштуулар үч күндөн ашык уктабаган адамдын өлүп кетүүсү мүмкүн экенин эскертишет.
Уйкусу канбаган адам жашоосун кыскартууга себеп болду. Мисалы, 8 сааттык уйкуну 4-5 саат кана уктаган унаанын айдоочусу кооптуу абалда болот. Анын аракети башкалардан өзгөчө болот. Жаңы Зеландия адистери уйку канбоочулуктун оор дартка, майыптыкка жана өлүмгө алып келерин айтышкан.
Адистердин айтуусу боюнча, аз уктаган адамдар андан башка ашыкча салмак, экинчи типтеги диабет, инсульт, инфаркт, стресс дартына чалдыгышы мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/content14708
Добавить комментарий ×