5 жолу боюнан түшкөн аялга курбусу эгиз бала төрөп берди
Бөлүшүү:
АКШнын Калифорния штатынын тургуну Кателин Бьюкенен балалуу болуну кыялданган, 3 жыл бою жасаган аракети ийгиликсиз болгон. Ушул убакыт аралыгында анын боюнан 5 жолу түшкөн. Ошого байланыштуу анын жакын курбусу Эрика жардам берип, суррогат эне болууга чечим кабыл алган. Бул тууралуу “Daily Mail” басылмасы маалымдайт.
Кателин менен күйөөсү 3 жыл бою наристелүү болууну кыялданып келишкен, турдүү ыкмаларды колдонуп көрүшкөн. Керек болсо, уруктандыруу процедурасын да жасаткан. Бирок бардыгы ийгиликсиз болгон. Кателин 5чи жолу боюнан тушкөндөн кийин, дарыгер ага эч качан балалуу боло албастыгын айтып, суррогат эненин жардамын колдонуп көрүүнү сунуш кылган.
Бул убакытта Кателинге жакын курбусу 34 жастағы Эрика Хьюстон-Элем жардам берген. Алар бала күндөн бери эң жакын курбулар. Керек болсо Кателинанын энеси Эриканын киндик апасы аталган. Эриканын сөзү боюнча, ал жакын курбусунун башына түшкөн кыйындыкка жайбаракат карап отура алган эмес.

Бирок, Кателин курбусунун бул сунушун дароо кабыл алган эмес. Өз учурунда Эрика аны көндүрүүгө аракет кылды.
Аягында курбусу макыл болгондо, алгачкы аракеттери ийгиликсиз болуп, Эриканын боюнан түшкөн. Бирок алар өз чечимдеринен баш тартпай 2017-жылы Эриканын боюна буткөн. Ал 35 жумадан кийин курбусунун эгиз балдарын дүйнөгө алып келген.

«Эгиздер төрөлгөндө, аларды Кателин менен күйөөсүнө берди. Бул менин өмүрүмдөгү эң сонун убакыттардын бири болду. Өз милдетимди аткарганыма кубандым», – дейт Эрика Хьюстон-Элем.
Ал эми май айында Кателина эгиз балдарды үйүнө алып кеткен.
«Кателин – эң сонун эне. Ал мындай бакытты узак убакыт күттү. Анын бакытулуу экенин көрүү-менин өмүрүмдөгү чоң кубаныч», – дейт Эрика Хьюстон-Элем.
Ссылка: https://barometr.kg/content14702
Добавить комментарий ×