Аялын башкага сатып жиберген ишкер элдин ачуусун келтирди

22 май 2018 11:09 926 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Түркияда мурунку аялын башка адамга секс-кулдукка сатып жиберген азербайджандык ишкер кармалды. Бул тууралуу “ NUR.KZ” порталы кабарлайт.
34 жаштагы Эльмир 30 жаштагы мурунку аялы Севиндж Керимованы кыйнап сойку кылмак болгон.
Беш жыл бирге жашаган аялы күйөөсүнүн күн сайынкы ур-токмогуна чыдабай ажырашып кетет. Ал эми аялып уруп-соккон Эльмир бир жыл түрмөдө отуруп чыккандан кийин аялы менен элдешүүну калайт.
Эки баласы менен аялына камкор болууга убада берген күйөөсү аларды Антальяга алып кетет. Ал жерде аялын сойку кылууну каалаган Эльмир үйүнө башка бир адамды чакырып алган.
"Үйгө келген эркектин мага болгон арам оюн тушүнүп, балдарым менен бөлмөгө камалып алдым", - дейт Керимова.
Ушундайча өзүн сатып алууга келген бейтаныш эркектин кордоосунан аман калган аялды кийин күйөөсү аёсуз уруп-соккон.
"Ал катуу сабагандан кийин балдарымдын көзүнчө 11 кабаттан ыргытып жибермек болду", - дейт күйөөсүнөн качып кутулган аял.
Аял полицияга кабар берип, өлкөсүнө кайтып келген. Ал эми Эльмирдин Түркияда дагы бир аялы бар экени белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/content14701



Добавить комментарий