Ош шаарында 3 жолу өзүн-өзү өлтүрүү фактысы катталды

21 май 2018 17:14 494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында үч кыз өз өмүрлөрүнө кол салышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалымат боюнча, Оштун Касымбеков көчөсүндө жашаган 15 жаштагы А.Т., аттуу кыз үйүндө асынып алган. Мамытов көчөсүнүн жашоочусу 1985-жылы туулган К.Б., аттуу кыз үйүнүн короосунда өзүн-өзү асып алган.

Ошондой эле, Курманжан Датка көчөсүндө жашаган 1989-жылы туулган И.Д., аттуу кыз дары ичип алган, аны өлүмдөн сактап калышкан.

Учурда суициддин себептери иликтенип жатат.

Маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Ош шаарында 32 өзүн-өзү асып алган.

Ссылка: https://barometr.kg/content14687



Добавить комментарий