Кайырчы аял өлгөндөн кийин миллиондогон акчасы банктан табылды
Бөлүшүү:
Ливандын провинциалдык шаарында каза тапкан Фатима Отман деген аялдын банктагы эсебинде миллион фунт стерлинг бар экенин полиция аныктады. Бул тууралуу metro.co.uk булагы кабарлады.
Аял кайыр сурап тиридик кылган, үй-жайы жок болгон, каза тапкан учурда да көчөдө уктаган бойдон оо дүйнөгө кете берген.
Полиция аялдын жанынан таштанды салынган каптан 2 457 фунт стерлингди накталай таап, андан тышкары банктык эсептин китепчесин алган. Банкта аялдын 900 000 фунт стерлингди сакталганы белгилүү болду.
Фатиманын туугандары жана тааныгандары аялды аяп акча жана тамак аш беришчү. Эми банктагы акчасын укканда алар таң калышканынан эмне кыларын билбей отурушат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14672
Добавить комментарий ×