«Дэу Матиз» унаасын сел агызып кетип, айдоочу каза тапты
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областынын Ноокен районунда ишемби күнү сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
20-майда таңкы саат 04:09да Ак-Жийде айыл округунда «Дэу Матиз» унаасы Биринчи-Сай суусуна агып кеткен. Анын ичиндеги жүргүнчү 1998-жылы туулган Рустам Масудовду жергиликтүү тургундар куткарып чыгышты. Ал эми1965-жылы туулган айдоочуну суу агызып кеткен. Кийинчерээк анын сөөгү табылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content14671
Добавить комментарий ×