Машыгып жүргөн спортчулар жырткычтын жемине айланышкан

21 май 2018 12:03 1375 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Америкадагы Вашингтон штатына караштуу Сиэтл шаарынын жанында кайгылуу окуя болуп өттү. Тоого велосипед тебүүгө барган эки спортчу ойдо жок жерден жырткыч мышыктын азыгына айланышкан. Бул тууралуу “NUR.KZ.” сайты маалымдайт.
Эки велосипедчини көрүп калган пума, аларга карай жүгүргөн. Жырткычтын чабуулунун натыйжасында, бир адам окуя болгон жерден көз жумган. Экинчисинин абалы өтө оор, ага татаал медициналык жардам керек.
Окуя ордуна полиция келгенде, жырткыч мышык бир спортчунун денесин жеп жаткан. Экинчи спортчу полиция чакырып жаткан кезде, жапайы мышык аны өүнүн үңкүрү көздөй сүйрөгөн.
Тирүү калган адам заматта ооруканага жеткирилген. Ал эми пуманы тартип сакчылар атып таштаган.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14649



Добавить комментарий