Немис канцлерине гүл белек кылган Путин талаш-тартыш ортосунда калды

21 май 2018 11:03 1449 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Россияга атайы иш сапары менен келген Ангела Меркельди өлкө президенти бир букет гүл менен тосуп алды. Бирок Путин тарабынан жасалган жылуу мамилени немис басылмалары таптакыр башкача түшүнүшкөн. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат булагы билдирет.
Сочи жергесинде дипломатиялык кездешүүгө келген немис канцлерине Путин кооз гүл белек кылган. Россия президентинин меймандостук аракети немис басылмаларына жакпай калган.
 
Белгилүү “Bild” басылмасы Путиндин иш-аракетин шылдыңдоо менен кордоого теңешкен. Алардын билдирүүсү боюнча, өзүнүн сыйы аркылуу Россия президенти Ангела Меркелди шылдыңдап жатат.
Ал эми саясатчылардын дипломатиялык кездешүүсү чыныгы жекеме-жеке сыяктуу дейт немис журналисттери.
"Сырткы көзгө сый-ырмат мамиле катары көрүнгөнү менен, бул жашыруун шылдыңдоо жана кордоо. Путин мырза өз гүлү аркылуу Ангела Меркелге анын аял экенин эсине түшүргүсү келген. Негизги максаты, саясатта башкы ролдо эркектер гана экенин айткысы келген”,- деп жазылган макалада.
Немис басыласынын бул макаланы кандай даректерге таянып жазганы белгисиз.
 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14648



Добавить комментарий