Жол коопсуздук кызматкери аялдын колун кармап сылаган (видео)

20 май 2018 19:12 6443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жол коопсуздук кызматкери жол эрежесин бузган аялды унаасына отургузуп колун сылаган. Мындай окуя тууралуу жол коопсуздугундагы эреже бузуулар менен күрөшүп келе жаткан Болот Ибрагимов өзүнүн Ютубдагы каналына жарыялады.

“Окуя Кара-Суу шаарында болгон, аял жол кыймылынын эрежесин бузганын мойнуна алат. Аялдан унаасынан чыгып 1000 сом берүүнү сурашкан. Ошондой эле аял алардын "Хонда Фит" маркасындагы унаасына отурган кезде алардын бири анын колун сылай баштаган. Буга ачууланган аял унаадан чыгып окуяны видеого тартып кирген. Жол коопсуздук кызматкелери анын колунан телефонун үч ирет алууга аракет кылышкан. Бул учурда анын телефону бузулган. Жабырлануучуннун дарегине коркутуулар болуп жаткандыктан анын ысымын жарыялай албайбыз. Бул видео роликти бөлүшүңүздөр”,-деп жазат Болот Ибрагимов өзүнүн каналына.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14642



Добавить комментарий