Таңсулу мектепке кеткен боюнча үйүнө кайрылган эмес
Бөлүшүү:
Ош областынын Өзгөн шаарында 14 жаштагы Мурат кызы Таңсулу изделип жатат. Бул тууралуу областтык ИИБсинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ушул жылы 19-апрелде саат 07:30да, 2004-жылы туулган Т.Мурат кызы үйүнөн чыгып мектепти көздөй жөнөгөн, бирок ошол боюнча дайынсыз жоголгон.
Белгилери: бою 155-160 см, чачы кара, көзү көк. Сол көзүндө калы бар.
Кийими: ак кофта, күрөң түстөгү күрмө, кара юбка, ак колготки, ал эми бутунда ак кроссовкасы болгон. Кызды көрүп-билгендер төмөнкү телефондорго кайрылышсын: (03233) 5-06-36, (0778) 35-45-45, (0550) 03-00-33, (0779) 96-46-94.
Ссылка: https://barometr.kg/content14608
Добавить комментарий ×