Балыкчы – Каракол жолун тосууга үгүттөгөн аялдар кармалды

18 май 2018 16:19 751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиция айылдаштарын Балыкчы-Каракол жолун тосууга азгырып жаткан аялдарды колго түшүрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилесек, 15-май күнү Григорьевка кыштагындагы Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жергиликтүү тургундар Балыкчы - Ананьево – Каракол трассасында жол кыймылын жабууга аракеттенген.

Милиция жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары айылдыктарга алардын мындай аракети мыйзамга каршы келерин түшүндүрүп, жолду ачышты.

Териштирүүнүн жүрүшүндө, жергиликтүү жашоочуларды мындай жорукка ким үгүттөгөнү аныкталды, алар: жергиликтүү тургундар-48 жаштагы Р.Кулыжан, 47 жаштагы М.Айнагүл, 46 жаштагы К.Бурул, 43 жаштагы М.Динара жана М.Сагида деп табылды. Милиция кызматкерлери тарабынан «Жолду мыйзамсыз тосуу» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14602



Добавить комментарий