Кыргызстандык кыз Дубайга барып психикалык ооруканага жатып калган

18 май 2018 14:33 1235 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин "Жи-Трэвел" фирмасы кыргызстандык кызга ден соолугуна келтирген зыяны үчүн моралдык жана материалдык компенсация төлөп берди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.  

2016-жылы акыйкатчыга улгайган аял кайрылып анын небереси, АУЦАнын студенти июнь айында Бишкектеги "Жи-Тревел" фирмасы менен Дубайга убактылуу жумуш иштөөгө келишим түзгөнүн айткан. Кыз университеттеги контрагы үчүн акча иштеп келүүнү чечкен. Июнь айында ал Дубайга кетип бир аздан кийин психикалык саламаттыгы жабыркагандар кайрыла турган ооруканага оор физикалык жана психикалык абалда жаткырылган.

Кыз учуп баргандан соң бир айдан кийин аталган ооруканага кандайча барып калганы ачык айтылган эмес. Акыйкатчы институтунун Тышкы иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын колдоосу менен аны мекенине алып келишкен. Кыз бир ай бою станционардык дарылоодо болгон.

Кыздын туугандары ал ага чейин саламаттыгы жайында болгонун айтышып териштирүү башталган. Териштирүү эки жылга созулган.

Акыры компания кыздын үй-бүлөсү үчүн компенсация төлөп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content14586



Добавить комментарий