Белгилүү алып баруучу орозо кармай турганын маалымдады (видео)

17 май 2018 22:22 1731 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Белгилүү россиялык алып баруучу жана продюсер Алексей Казак касиеттүү Рамазан айында орозо кармаарын билдирди. Ал мындай кадамга мусулмандарды колдоо максатында барып жатканын айткан. Бул тууралуу “лайф.ру” сайты билдирет
“Бардыгыңыздарга салам Ассалаума алейкум, бул Алексей Казак! Күн сайын мусулмандарга каршы агрессия күчөп бара жатат! ММКда сакалдуу жигиттер менен хиджаб кийген аялдардан коркууга жана аларды жек көрүүгө чакырып, душман катары көрсөтүшүүдө. Ар бир күнөөгө мусулмандарды күнөөлөшөт. Бирок көбүнчө дал ушул мусулмандар терракттын курманына айланып жатат. Өздөрүн “цивилизациялык” санап жүргөн өлкөлөр таштаган бомбанын астында мусулмандар көз жумуп жатышат. Интернетте Жаратканга  пайгамбарларга тил тийгизген канчалаган топтор ачылууда. Алардын бардыгынын максаты бир-араздаштыруу. Билсеңиздер мен православ динин карманган орус жигитимин. Ынтамакташтыктын белгииси катары мен касиеттүү Раман айында орозо кармоого ниет кылып турам. Эмне күчтүү? Алардын бомбасыбы же биздин ишенимби?”,-дедеи ал.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content14574



Добавить комментарий