17-май: маал-маалы менен жаан жаайт
17-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Баткенде түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 17...22,
Нарын жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 3...9, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...5 градус болот.
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/content14541
Добавить комментарий ×