"РСК Банк" ак илбристерди байкоо үчүн фотокапкан орнотту

16 май 2018 16:47 987 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"РСК Банк"  ак илбристерди байкоо үчүн фотокапкан орнотту.  Ак илбирс-Кыргызстандын экосистемасынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгү.  Бул уникалдуу жаныбарлардын жашаган ареалы 12 өлкөдө коргоого алынган, алар: Кыргызстан, Афганистан, Бутан, Кытай, Индия, Монголия, Казакстан, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан. Өткөн жылы Бишкекте  Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Эл аралык форум болгон. Бул жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген жана ак илбирсти коргоо боюнча өлкөдө тынымсыз иштерди андан ары чыңдоого, саясий эркти бекемдөөгө жана 2020-жылга карай ак илбирс үчүн 20 ландшафты камсыз кылуу планы боюнча эл аралык колдоону моблизациялоого багытталган.    «РСК Банк» ачык акционердик коому  аталган форумдун расмий шериктеши  болгон.  Өзүнүн сөзүндө «РСК Банк» ААКнын башкаруу төрагасы Азизбек Оморкулов:    - «РСК Банк» жаратылышты коргоону жана ага аяр мамиле кылуу идеясын колдойт жана ак илбирстин популяциясын калыбына келтирүү менен ак илбирс мекендеген өлкөлөр менен биргелешип аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт”,-деп билдирген.   Аталган жаныбарларды сактоо боюнча планга ылайык, бул таң калыштуу жаныбар тууралуу көбурөөк адам билүүсү үчүн банк ак илбирстин популяциясын байкоого алуучу фото жана видео байкоо системасын сатып алууга каражат бөлүүгө катышты.  Фотокапкандар тарабынан тартылган жаныбарлардын сүрөттөрү жогорку баалуулуктарга ээ жана жаратылыш  менен жаныбарлардын түрлөрүн сактоо зарылдыгы жөнүндө элдин маалыматын жогорулатууга активдүү колдонулат. Сиздердин назарыңыздарга Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы "Сарычат-Эрташ" коругунан тартылган уникалдуу фото сүрөттөрдү сунуштайбыз. Толук фотоотчетту банктын  Facebookтагы баракчасынан таба аласыз. (https://www.facebook.com/RSKkg/).   

Ссылка: https://barometr.kg/content14524



Добавить комментарий