Бишкекте эң көп балалуу жаш үй-бүлөгө батир белекке берилет
Бишкекте “KG ГРУПП” курулуш компаниясы кайрымдуулук иштеринин алкагында көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө жардам катары батир белекке бермекчи. Бул тууралуу kabar24.kg булагы кабарлады.
Компаниянын жетекчиси Имамидин Ташовдун айтымында, 2018-жылы компания өткөрө турган акциянын негизинде көп балалуу жаш үй-бүлөлөргө жардам иретинде белекке батир берилет.
“Сынактын шарттары мындай: биринчиден, ата-эне экөө тең Кыргызстандын жарандары болууга тийиш. Экинчиден, жаш курагы 40 жашка чейин болуусу шарт. Ошондой эле балдарынын баары бир никеден болуш керек. Кошумча шарттар да каралган. Сынактын катышуучуларынын өздөрүнүн үйү жок болсо, аз камсыз болгон үй-бүлө болсо, арасында майыптар болсо, балдарынын окууларындагы жетишкендиктери болсо алар эске алынып, мындай катышуучуларга өзгөчө маани берилет»,-дейт компаниянын жетекчиси.
Жеңүүчүгө сертификат 2018-жылдын сентябрь айында тапшырылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content14506
Добавить комментарий ×