Исаков Бишкек ТЭЦи боюнча эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштады
Бөлүшүү:
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек ТЭЦин жаңылоо боюнча коротулган каражаттарга эл аралык аудит жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Исаков бүгүн, 16-июлда Бишкек ТЭЦинде болгон авария жана аны модернизациялоо иштери боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчету айтылып жаткан маалда билдирди.
Исаков аудит ТЭЦтин реалдуу баасын жана жабуудуулардын баасын аныктайт деп эсептейт. Бирок депутат Алтынбек Сулайманов аудит дагы бир топ убакытты талап кыла турганын, ал эми жыйынтыкты азыр чыгаруу керектигин билдирди.
“Биздин эл аралык аудит жүргүзгөнгө, убактыбыз да, акчабыз да жок”,-деди Сулайманов.
Ссылка: https://barometr.kg/content14503
Добавить комментарий ×