Алмазбек Атамбаевдин кызы чопону иштетүү боюнча сабак өтөт

15 май 2018 14:47 1812 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева “Музейдеги түн” акциясынын алкагында алгачкы ирет мастер-класс өткөрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram  баракчасына жазды. 

“Эгерде сени кайсы бир сонун көрүнүш, тагыраагы  чыгармачылык кызыктырып жаткан болсо, эгерде чоподон  бир нерсе жасоого кыялдансаң, бирок эмнеден баштаарды билбей жүрсөң жана ал тургай сен чыгармачылык тууралуу ойлонбосоң да жандуу үн менен коштолгон бул мыкты иш-чараны өткөрүп жибербе”,-деп жазды Шагиева өзүнүн баракчасына. 

Ошол эле учурда бул жерден сүрөтчүнүн графика, живопись, кол менен жасалган эмгектерин дагы көрүүгө болот. 

Көргөзмө жана мастер-класс 18-майда Чуйков атындагы сүрөтчүлөр союзунун чыгыш залында болот. Башталышы 19.00дө.

 

 

    

 

Ссылка: https://barometr.kg/content14462



Добавить комментарий